У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурас-Ордо конушундагы 13 жашар баланын өлүмүнө 10-класстагы агасы шектелүүдө


 
Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Мурас -Ордо конушундагы 13 жашар баланы өлүмүнө шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
 
2021-жылы 17-мартта саат 12:40 чамасында Биринчи Май РИИБне Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматы аркылуу жашы жете элек баланын сөөгү табылды деген чакыруу келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барганда «Мурас-Ордо» конушундагы үйдө 5-класстын окуучусун муузап кетишкен.
 
Бул факт Биринчи Май РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды жана зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
 
Күбөлөрдүн сурамжылоодо баланын сөөгүн биринчи саат 11:00 чамасында жумуштан үйүнө кайтып келген апасы көргөн. 10-класстагы уулу үйдө жок болгон.   
 
Милиция кызматкерлери аймакты кыдырып, коңшулар менен сурамжылоо жүргүзүшүп, ошондой эле ИИМдин кинология борборунун кызматтык издөөчү итинин жардамы менен криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери, ЭЭА аймагына жакын камыштардын арасында жашынып жүргөн 2004-жылы туулган А.С. кармашкан. Андан кийин кармалган А.С. жууп-тазалап койгон ашкана бычагын таштап кеткен үйдү көрсөтүп берди. Анын айтымында бир туугандар ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада улуу агасы А.С. иниси А.М.га ашкана бычагы менен жаракат келтирген, иниси эсине келбей алган жаракатынан улам көз жумган.
 
Кармалган А.С. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter