У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жыргаган чоңдор, шорлогон эл...

 
Бийлик айлык, пенсия, пособие бере албай калышы мүмкүн экени кызуу талкууланууда. Бюджеттин тартыштыгы эбегейсиз чоң. Андыктан тешик казынаны кантип толтурабыз деген баш оору курч турат. Азык-түлүктүн баасы асман чапчып, эл кыйналууда. Россиядан 100 миллион доллар карыз сурап барган Садыр Жапаров куру кол кайтты. Болгону 623 миллион рубль кайыр садага алды. Доллар менен алганда 7 миллиондон бираз ашат. Казакстан жылуу тосуп алып, далыдан сылап узатып койду. Эч маселе чечилген жок. 
 
Былтыр дагы дал ушундай тас кейпибиздин кесепетинен Сооронбай Жээнбеков ковид-19 илдетин шылтоолоп Дүйнөлүк валюта фондунан жана эл аралык финансы институттарынан дээрлик жарым миллиард доллардан ашык карыз алган. Тышкы карыз көбөйдү. Алынган карыздын бир бөлүгү бюджеттин жыртыгын жамоого кетсе, көбү желип кетти. Мына карыздын отчетун бүгүнүкү күнгө чейин эч ким берген жок. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бийликке келишкендер ар бир тыйынына чейин текшерилет дешкен менен баягы эле «бармак басты көз кысты» абал. Бул таяктын бир учу.

Экинчи учуна келе турган болсок, Жээнбековдун бийлиги пандемияны бетке кармап былтыркы жылга эсептелген тышкы карызды төлөй албай, суранып, жалбарып жатып, төлөө мөөнөтүн быйылкы жылга жылдырып, аны кубанычтуу жаңылык катары жар салганы эсибизде. Өкүнүчтүүсү алар эптеп эшегин   суудан өткөрүп алышкан. Дегенибиз, былтыркы мөөнөтү жылдырылган карызды быйылкыга кошуп төлөө керек. Казына болсо мурункудай эле калдырап бош. Натыйжада, кийинки жылы Кудайдын айтканын көрөбүз деген сокур саясаттын кээрин быйыл дагы тарта турган болдук.

Кыскасы, Пушкиндин жомогундагы жыртык тепшини кучактаган кемпирдин тас кейпин кийдик. Жараткан колдоп, алтын балык эле торго түшүп калбаса кырдаал оор. Жоктон бар болот деп үмүт кылалы дейин десек,   минтип азык-түлүктүн баасы асман чапчып баратат. Шорлогон карапайым калк. Эл кыйналып нага жетпей калуу коркунучу күч.

 Дегенибиз, коронавирустун кесепетинен жаралган экономикадагы минус быйылкы жылга да өтө олуттуу таасир тийгизүүдө. Анткени, салыктын, бажыдан каражат түшпөй, ири жана чакан бир топ өндүрүш, ишканалар иштебей, экономика минуска кетти. Демек, асмандан акча жаап жатпаган соң, айлык, пособие, пенсия берүү, тышкы карызды төлөө оор маселе бойдон калат. Дээрлик жарым жылдан бери бийликтин антикризистик план-программасы жок. Кудай элибизге күч кубат берсин дегенден башка арга жок. «Тилемчилик» кылып бюджетти толтуруу деген мүӊкүрөгөн абалга жеткен көрүнүш буга дейре болгон эмес.  

 Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter