У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сапар Исаков Атамбаевдин кемчилигин айтты


 
— Октябрь окуяларынан кийин сиз чет жерге чыгып кеттиңиз. Сиздин сыртка чыгып кетишиңизге эч кандай тоскоолдуктар болгон жокпу?
 
— Өткөндө айтып кеткендей, өзүмө жана үй-бүлөмө коркунуч болгондугуна байланыштуу Москвага чыгып кеткенге аргасыз болгом. Тоскоолдук болгон жок, себеби менин таасирдүү досторум дүйнөнүн болгон жагында бар. Алар мени сыйлашат, себеби, мен тазамын.
 
— Жаңылбасам, акыркы эки апта ичинде социалдык тармактардан активдүү чыга баштадыңыз. Анан дагы геолокацияда Кремль белгиленип чыгып атты. Мындай кадамдар жөн жерден жасалбаса керек? Кремлге бардыңызбы?

 
— Социалдык тармактарга чыгып, элге кеңири маалымат берүүнү туура көрдүм. Себеби, бурмалап, элге туура эмес маалымат берип келишти. Мындан ары соцтармактардан активдүү ой-пикиримди билдирип турам. Москвадамын. Кремлге дагы бардым, айтып өткөндөй, ал жакта дагы досторубуз бар.
 
— Сиз учурунда ЖЭБге байланыштуу иштерде Жээнбековду коргоо максатында “күнөөнү премьер катары өзүмө алгам” деп атасыз, эмне үчүн?
 
— “ЖЭБ боюнча күнөөнү өзүмө алдым” дегеним жок, жоопкерчиликти алдым. Себеби, ошол учурда өкмөттү мен башкарып тургам. “Президент Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп жоопкерчиликтен качпайын” дедим, себеби Жээнбеков өзү менден суранган эле.
 
— Ошол эле кезде бажычыны иштен албоо тууралуу президенттин “каалоосуна” каршы чыкканыңызды белгиледиңиз. Эмнеге бир маселеде Жээнбековду колдоп, экинчиде ага каршы чыктыңыз?

 
— Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогом. Анткени ал дагы Атамбаев сыяктуу эле элибизге кызмат кылат го деп ойлогом. Бирок, Жээнбеков болсо коррупционерлерди колдоп, алар үчүн жанын бергенге даяр экенин билген эмесмин.
 
— ЖЭБ, тарых музейи боюнча асмандаган баалар кайдан чыкты? Мэрия сатып алган көчөттөргө да тийешелүү маселелер бар эле…
 
— Тарых музейи боюнча финансы жагына жооптуу башка адамдар болчу.  Оңдоп-түздөө иштерине да жооптуу башка адамдар эле. Атайын комиссия бар болчу ошону көзөмөлдөп турган. Мен ичиндеги майда-чүйдөлөрүнө киришпейм да. Мен болгону музейдин башынан баштап, аягына чейин бүтүшүн көзөмөлдөп бергем. Баары мыйзам чегинде болгон.
 
— Соттун адилеттүүлүгүнө ишенесизби? Эгер акталып калсаңыз, өлкөгө кайтып келип эмне менен алектенесиз?

 
— Соттун адилеттүүлүгүнө ишенем. Сөзсүз түрдө акыйкат тергелет деп ойлойм. Себеби түрмөгө мен эмес, башка бирөөлөр отурушу керек. Мен сөзсүз жакынкы арада кайтып келем. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошобуз, саясатка активдүү аралашам. Баарын көрдүм, баарын түшүндүм, Кудай көзүмдү ачты.
 
— Октябрдан кийин Садыр Жапаров менен түз сүйлөшүүлөр болду беле? Болсо эмне тууралуу сөз болду?
 
— Президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болгон жок.
 
— Албек Ибраимов сиз менен кошо чыгып, экөөңүздөрдү “келет-келет” деп атып эле жок болуп кеттиңиздер. Ал кишиден кабарыңыз барбы?
 
— Албек Ибраимовду мен тополоңдон кийин бир гана жолу көрдүм, ошол бойдон көргөн жокмун.
 
— Эки президент менен иштешип калбадыңызбы. Экөөнүн сиз суктанган жана тескерисинче, терс жактары катары эмнелерди айта аласыз?
 
— Алмазбек Атамбаевдин жакшы жактары көп. Кыргызстан үчүн көп нерсени кылды, аны кийин тарых тастыктайт. Ал киши өтө намыскөй, духу күчтүү, жоопкерчиликти өзүнө ала билген адам. Жаман жактары – ак көңүл, адамга ишенчээктиги жана Сооронбай Жээнбековду президент кылып алып келгени.
 
Сооронбай Жээнбековдун жакшы жагы – адамдын ичи-койнуна кирип, кооз сүйлөп, “Кудай, Кудай” деп суктандырганы го… А жаман жагы болсо өзүңөр билгендей, өзүнүн эң жакын адамдарын, досун, элин саткандыгы, эки жүздүүлүктүн туу чокусун карманганы, жандүйнөсүнүн тардыгы, арамдыгы.
 
Белгилей кетчү нерсе, мен Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна өтө чоң салым кошком. ЖЭБ үчүн да ага-ини Жээнбековдор түрмөгө отурушу керек.

Булак:status.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter