У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку сот Текебаевди мандатынан ажыратты


Жогорку сот Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. 
 
Бул акыркы чечим болгондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы бул токтомду аткарууга милдеттүү. 
 
Ошентип, Өмүрбек Текебаев экс-депутат Искендер Гайпкуловдун бош мандатын албай калат. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде мурунку депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовго өткөрүлүп берилет.
 
Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке партия лидеринин пайдасына өз мандатынан баш тарткан Садык Шер-Нияздын ордуна келген. БШКда Гаипкулов мандатын кимге - Текебаев же Атазовду берүү маселеси боюнча талаш жаралган. Жогорку Сот буга чекит койду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter