У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаевдин маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаз Үсөнов УКМКга суракка чакырылды


Алмазбек Атамбаевдин маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаз Үсөнов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Алмаз Үсөнов УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылганы такталды.
 
Сурак эки саатка созулуп, Алмаз Үсөнов тергөө иш-чараларынын деталдары ачыкка чыгарбоо жөнүндө документке кол койгону айтылды.
 
Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter