У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакыт Сыдыков: «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 5,5 млрд. куб метрге түшсө, станцияны толугу менен токтотууга туура келет

 
Эгер «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 5, 5 млрд. куб метрге түшсө, анда станцияны толугу менен токтотууга туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Бакыт Сыдыков депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 
 
Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыковдун айтымында, эгер Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5,5 миллиард куб метрге чейин азайса, анда станцияны толугу менен токтотууга туура келет. Анткени бул учурда станциянын тетиктери бузулуп, иштен чыгуу коркунучу пайда болот. 
 
«Суу сактагычтагы суунун көлөмүн 5,5 миллиард куб метрге чейин түшүрбөө зарыл. Оптималдуу режим - суунун көлөмү 9,5 миллиард куб метрден жогору болушу керек”, - деп кошумчалады Б.Сыдыков. 
 
Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түзгөнү «Электр станциялары» ишканасынын сайтында жарыяланды. Ал эми 2020-жылы ушул учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12, 745 млрд. куб метр болгон. 
 
«Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 2017-2018-жылдары «19,2-19,6 млрд. куб метрге жеткен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter