У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саясатта да, өндүрүштө дагы ийгилик жараткан лидерлер…

Саясатчылардын сүйлөгөн сөзү менен кылган иши дайыма эле төп келе бербейт. Биздин саясатчыларда курулай популизим басымдуулук кылат. Иш менен сөзү дал келгендерди санай келсең беш манжаң жумулбай калат. 

Мына ушул жагдайга анализ жасап көргөндө элди иш орундары менен камсыздап, мамлекеттин казынасына олуттуу салык төлөп, өндүрүш тармагын алга жылдырган жаратман саясатчылар аз. Көрсө, сындоо оңой, реалдуу ишти жасоо оор тура. 

Арийне, төбөсү көрүнгөн саясатчылардын арасында, «Эмгек» партиясынын түптөөчүсү Аскар Салымбековдун элге жарыгы тийип, миңдеген иш орундарын түзүп, илимге, спортко, кайрымдуулукка каражат салып, калктын кадырлоосуна ээ болду десек болот. Бүгүнүкү күнгө чейин иш менен сөздү айкалыштырып келе жатат. Бирок, Аскар Салымбеков саясаттын сазына аралашып, баш оту менен кирип кеткен жок. Өзүн оолак кармап, башкаларды каржылап гана тим болууда. 

Ишкерликте өнүп-өсүп, элди иш орундары менен камсыздап, өндүрүштө, саясатта ийгилик жараткан саясатчылардын сап башында ырааматылык Чыныбай Турсунбеков бар болчу. Ал өндүрүш менен гана алектенбестен, саясатта өзүн активдүү көрсөтө алды. Бир канча ирет парламенттин депутаты болуп, төрагалыкка чейин жетти. Чыныбай Турсунбеков өзүн мыкты өндүрүшчү эле  эмес, тажрыйбалуу саясатчы катары элдин эсинде калды. 

Иш менен сөзү төп келип, саясат менен өндүрүштү бирдей алып кеткендердин катарында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы бар. Ырасында, Бакыт мырза жаштайынан өндүрүш тармагында такшалып, элге миңдеген иш орундарын камсыздап, мамлекеттин казынасына миллиондогон сом  салык төгүп келе жаткан жаратман лидерлердин бири… Ал акыркы 10 жылда саясатка активдүү аралашып, өзүнүн позциясын билдирип, бирде сындалып, бирде такшалып келе жатат.
 
Ишкердик менен саясатты бирге  алып бара жаткандардын бири Өмүрбек Бабанов. Жаштайынан саясатка аралашып, өзү түзгөн "Республика" партиясын эки ирет парламентке алып келди. Буга чейинки саясий карьерасында Премьер-министрликке  чейин жетип, бир катар реформаларды жасады. Саясатты  семечкадай чакканы менен Бабановдун позицясынын бат-бат өзгөрүп   кетиши, анын кадыр баркын түшүрүп келет. 

Кыргызстандын өндүрүш тармагын алга сүйрөгөн саясатчыларга «Кыргызстан» партиясынын ээси Шаршенбек Абыдкеримовду кошсок болот.  Шаки мырза ачкан ишканаларда учурда 10 миңдеген жараныбыз иштеп жатышат. Миллиондогон сом казынага салык болуп төлөнүүдө.  Анын саясаттагы орду дагы жаман эмес. Ал көшөгө артындагы саясий процесстерге активдүү катышкан, белгилүү ишкерлердин бири.  

Мындан сырткары бизнестен   саясатка келип калган адамдар  көп эле. Бирок, алар азырынча сайда саны, кумда изи билинбей, көптүн катарында келе жатышат. 

Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter