У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлжан Кулмамбетова: "Сай ташкындап келатса да, Салымбеков салып-уруп барып, салпактачу салмаксыздардан эмес"


Буга чейин социалдык тармактарда "Диктор Гүлжан Кулмамбетова качан эфирден кетет?" деген аталышта макала пайда болгон. Анда диктор бул орунду ээлеш үчүн жолдошу, Кыргызстандагы эң алдыңкы бизнесмендердин бири Аскар Салымбековдун кадырын салып келе жатат деген маанайдагы ойлор айтылган. 

Ал эми диктор айым бул сындарга төмөндөгүдөй жооп берди:


"Кадырлуу замандаштар, ардактуу достор! Асылмай, караламайларга калыс кеп айтып, жан тартып, жакшы пикир жазганыңыздарга ыраазычылык  билдирем! Ушул турушумда эле, узак жылдар улуган ушактарга уукпай, ылаңдамайларга ыйлабай, шыбамайларга шылкыйбай, калыбымдан жазбай, ,,Ала-Тоонун” айдыңында келатам, андагы чапкан арыгымда, акырын агып. Ыраматылык М.Эшимкановдун арбагын козгоп, коошпогон нерселерди кошуп жазгандардын эсебин жараткан өзү тапсын, эми. Үй-бүлөлүк жылуу мамиледе элек. Жубайы  Асель экөө, убактылуу биздин үйдө туруп калган учурлар да болду эле. Кыйыры кенен КТРКда  кыйла жетекчи алмашты. Эшимканов менен да эриш-аркак иштештик. Талапка так, ишке идиректүү аракет менен  эл катары эмгектенип жүрөбүз. Токсон тогузунчу жылы толкундап  келип, жыйырма биринчи жылды жылмая жылдырып атам, буюрса. Катардагы кабарчы, атайын кабарчы, аналитика айтуучу, баяндамачы деген бараандуу тепкичтерде тепилдей чуркап, чанда-чанда чалынып, алып баруучулук менен айкалыштыра, ала-тоонун  азабы арбын арабасын тартышкансып жүрөм. Ишти жөндөй албасаң, итиң чөптү искейби? Андыктан, Аскар агасына да асыла кетип, айгай салгандарга айтаарым бар. Сай ташкындап келатса да, Салымбеков, салып-уруп барып, салпактачу салмаксыздардан эмес.  Ал кишинин деңиздей деңгээлин, ааламдашкан  акыл-түшүнүгүн ”түйүнчөккө" түйүп болбойт. Кулак укса, курсагы кайнап кайсы бир караламайларга каш кайырып койгондур, балким... Тилимди тизгиндеп, эмгек жолумдан эптеп тайытуунун эбин таппай аткандар эсен эле болсун... Эл ичинде эркин добуш салып , калайман калкка кабар жеткирүү вазыйпасы буюруптур, капырай, мынчалык кажынуунун кажети канча эле? Эфир-энеден калган энчи, бабадан  калган мурас болбогон соң, мезгили келгенде, мен-мен деген мегажылдыздар кеткен. Убакыт-сааты келсе, урушуп-талашпай эле мен дагы ушинтем.  Баса, гезит  өтпөй, сайт окулбай калганда  эле башкы бетке баатырларча бакыя калганым-каармандыгым го деп калдым. Пандемияда пайда таап алышсын деп, унчукпай келем, кээде.  Ушактан-узакка, тытышкандан-тынчтыкка, асылмайдан-акылга, тирешмейден-тилектештикке, заардан-закымга, өчөшмөйдөн-өнөктөшкө, каралоодон-калыстыкка, кодулоодон-колдоого, сүргүндөн-сүрөөгө, иримейден-ийгиликке, тузактан-узакка жетээр бекенбиз, топтошкон толубайдай сынчыларым?!  Ичке кара таруу айланбай, кабышкан бойдон кетсек өмүрдөн, өтө өкүнөбүз го, өрт көпүрөдөн өтөөрдөчү... Коомдун колтугун колоңсодон арылтып, тебеленген теребелди тегиздеп, чарчаган чар-тарапты чаадыраган сөз менен чачыратпай, чакыйган иш менен  чаңкайта тазаласак ээ аттиң... Элдеше ээрчишип, эл кызматына кирип кетсекчи, эч кимди эрмектебей эле?  Урматым менен, ур-тепкидеги  бир кызыңар" дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter