У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта Сот департаментинин башчысына пара берген ишкер кармалды


 
2021-жылдын 10-февралында УКМКнын АКСы, сот тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш жүрүп жаткан учурда, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысынын кеңсесиндеги пара берип жаткан жеринен жеке ишкер кармалды.
 
Кармалган адам сатылып алынган товарларга (автоунаа тетиктери) жогорулатылган бааларды жашыруу жана транспорт каражаттарын оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында, Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара катары 50 миң сом өлчөмүндө акча сунуш кылган.
 
 Бул факты Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен катталды.  Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө абаына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter