У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстан Сох анклавына аэродром кура баштады


Өзбекстандын Фергана облусунун администрациясы 8-февралда Сох анклавында аэродром курула баштагандыгын жарыялады. Расмий маалыматтар боюнча, Новобод махаласында аэродромду курууга 4,5 гектар жер бөлүнгөн. Учуп-конуучу тилкенин узундугу 650 метр, туурасы 100 метр болот.
 
Жалпы суммасы 12 миллиард сум (1,1 миллион доллардан ашык) турган аэропорттун курулушун 2021-жылдын май айына чейин бүтүрүү пландалууда.
 
Эске салсак, 2020-жылдын 31-майда Кыргызстандын Баткен облусунда, Өзбекстандын Сох эксклавы менен чектешкен жерде, Сох анклавынын Өзбекстандын «Чашма» айылы менен «Чечме» кыргыз айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Расмий маалыматка ылайык, чырдын чыгуусуна булактагы суунун талашы себеп болгон. Чыр кайым айтышуудан башталып, жаӊжал күчөп, чек арадагы бир нече үй өрттөлгөн, бир катар адамдар жаракат алган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter