У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алтынбек Сулайманов "магазиндер тонолот» деп элди дүрбөтүүдө...

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 20-марттагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Россия менен Америкадагы коронавируска байланыштуу дүрбөлөңдө курал-жарак, ок-дарылар көп сатылганын, куралдар мергенчиликке эмес, өзүн коргонууга багытталганын айтты.

Мындан улам, эл өкүлү: “Оор күн келе жатат,  кылмыштуулук өсөт. Магазиндерде талап-тоноо болот, биз ага даяр болушубуз керек” – деп балп этти. 

Оозу жаман экен. Элди дүрбөтпөй, «тартипти сактайлы, бул кыйынчылыкты жеңебиз, мыйзам бузууга барбайлы» дегендин ордуна, «магазиндер тонолот» деп коомго чагым таштаганы кызык экен. Эл өкүлүнүн оозунан чыкчу сөз эмес бул. 

Айткандай, Сулаймановдун пикирине ИИМ жооп кайтарып, тартипти сактоого бардык иш чаралар көрүлөөрүн, ага күч жетерин белгилеп, провакациялык жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга чакырды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter