У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти


 
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Жээнбеков Стамбулга бир күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунан учуп кеткени көрсөтүлгөн. 
 
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков массалык башаламандыктан улам 2020-жылы 15-октябрда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
 
Жакында Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна чакырылган эле. 
 
Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына умрага кеткенин, ал 10 күндөн кийин кайра Кыргызстанга келе турганын билдирди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter