У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жакындарын кармады


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Финпол Жумалиев жана анын жакындарына карата кылмыш ишин германиялык инвестордун ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча жазган арызынын негизинде козгогон.  
 
Алар чет элдик инвестордун ишенимине кирип, 1 миллион долларлык жабдууларды алышкан, 200 миң доллар гана төлөп, калганын бербей коюшкан. 
 
Германиянын жараны Б.Ф.  1 миллион доллар суммасында, минералдык суу куюучу жабдууну «А.Ю.К.» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишимге ылайык алып келген. Мекеменин директору М.С. - Жумалиевдин жакын тууганы болгон. Андан кийин, К.Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча инвестор жабдууну башка «С. К» жоопкерчилиги чектелген коомуна жеткирип берген. Ал мекеменин да директору Ж.Е.С.Жумалиевдин жакындары болгон. 
 
28-январда «А.Ю.К» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору чет элдик жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирди деген айып менен кармалган. Ушундай эле айып менен 29-январда «С.К.» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси кармалып, алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. 
 
2021-жылдын 29-январында ишке тиешеси бар фактылардын жана документтердин жоголуп кетишинин, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу, Жумалиевге тиешелүү кеңселерин, фирмаларын, жогорку окуу жайларын тинтүүгө алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter