У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сегизбаевдин сурак берип жатканына 8 сааттан ашты, бүгүн камакка алышабы?

 

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев бүгүн, 25-январда УКМКга суракка чакырылып, саат 10дон баштап сурак берүүдө.
 
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Сегизбаевге карата Алманбет Шыкмаматов арыз жазган. Ал суракка күбө катары чакырылган.
 
Абдил Сегизбаев азыркы президент Садыр Жапаровго ачык сын айткан жалгыз саясатчы. Ал шайлоодон кийин камаларын өзү да билгенин айткан. Анткени Сегизбаев шайлоо учурунда Жапаровдун иштерин элге ачыктап, сындап келген. 
 
Эгер Сегизбаев азыр камала турган болсо анын эл арасындагы кадыр-баркы дагы өсүп, кийинки президент Абдил болору айтылууда.
 
Ал эми Сегизбаевдин үстүнөн арыз жазган Шыкмаматов Садыр Жапаровду биринчилерден болуп айланчыктап, колдоп чыккан эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter