У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгону айтылууда


 
Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-январда «АКИpress» агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булактарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
 
 Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдил Сегизбаевге жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

«Мага эч ким эч нерсе айткан жок. Мен бул тууралуу маалымат каражаттарынан билдим. Мамлекеттик кызматта жүрүп, жерди трансформациялоо маселеси менен эч качан алектене элекмин. Президенттик шайлоого катышкандан кийин мага кылмыш иши козголоорун жарым-жартылай билчүмүн», - деп билдирди Абдил Сегизбаев.
 
Кылмыш ишин аскер прокуратурасы териштирет. 
 
Эске салсак, Абдил Сегизбаев 2016-2018-жылдар аралыгында УКМКны жетектеген. 2021-жылы  президенттик шайлоого катышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter