У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда

 
Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Себеби Кыргыз темир жолу ишканасынан 250 миң доллар талап кылып, алып кармалган Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу Тaraza.kg сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
 
«Мелис Аспеков 250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем деп көрсөтмө берүүдө»,-деп жазылат маалыматта. 
 
Ал эми Финполдун басма сөз кызматы бул маалыматтын чындыкка дал келбей турганын билдирди. 
«Мындай ушактар Сыймык Жапыкеевдин жана бүтүндөй Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кадыр-баркын түшүрүүгө багытталган. Ушул тапта Финпол мамлекетке миллиондогон долларлык зыян келтирген чуулгандуу бир нече ишти иликтөөдө. Бул көпчүлүк адамдарга, анын ичинде мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктерге жана башка таасирдүү адамдарга жакпай жатат.  Финполду атайын жаманатты кылуу үчүн ар кандай ушактары атайылап таркатып жатышат”, - деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз кызматы.
 
Эске салсак Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штабын жететейт деген Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-январда УКМК тарабынан кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter