У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков качан камалат?


ТЕКЕБАЕВ АЧКАН СЫР...
Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларынын сырларын ачкан билдирүү жасады. Текебаев билдирүүсү Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө таянып жасалган. Бул экөөнүн сөзүнө карап, октябрь окуяларына кимдер кандай таасир эткенин, ал жараяндарды тизгиндеп кетүүгө кимдер салым кошконун, эл ичинде айтылып келген көмүскө күчтөрдүн таасирин аңдап билүүгө болот.
Текебаевдин сөзү боюнча, Жээнбеков С. Жапаровду өкмөт башчылык кызматка бекитүү үчүн үч жолу депутаттарды чогултуп берген. Иниси Асылбек Жээнбеков, анын досу Төрөбаевдин ишеним каттарын да алып келген. 
9-октябрда Атамбаев, Бабанов жана башкалар Ала-Тоо аянтына жүрүш жасап келгенде аянттагылардын жарымы Сооронбай Жээнбековго таандык кишилер болгон. Демек, Атамбаев бийликти алмакчы болгондо, аны токтоткон Жээнбековдун адамдары болуп чыгууда.  
Атамбаев жана Бабанов баштаган топ Ала-Тоо аянтына келип, трибунага чыкканда аларга белгисиз адамдар кол салган. Атамбаевчыларды уруп-согуп трибунадан кууп түшкөн.  Атамбаев отурган машинага ок атышкан. 
Бул адамдардын баары Жээнбековдун адамдары деп айтууга толук негиз бар. Жээнбековдо Атамбаевге ушунчалык жаалданып каршы чыгууга себеп да бар. Анткени кокус Атамбаев бийликке кайра келип калса, анда Жээнбековдорго күн жок эле. Алар качып кутулат эле же бүт мүлкүнөн ажыратылып, абакка салынат эле. Мына ошон үчүн Жээнбековдор Атамбаевдин келишине жаалдана каршы чыгып, ок атууга, уруп-согууга барышкан. Жарандык согуштун учкундарын чыгаруудан да кайра тартышкан эмес. 

Мына ошол кезде түштүк тараптан спортсмендер такси менен, атайын учактар менен ташылганы тууралуу сөздөр чыккан. Ал ишти айтылуу Раимбек Матраимов жасаганы айтылган. 
Жээнбековдун сөздөрү түштүктөн спортсмендер алынып келингенин ырастайт. Жээнбеков менен Матраимовдор бир болгондуктан, алар спортсмендерди биргелешип алып келди деген тыянак туура болот.
Жээнбековдор эмне үчүн Ташиев жана Жапаровду тандап алышты? Аларды бийликке алып келүү үчүн бардык аракеттерин жасашты. Парламентти топтоп беришти. Андан кийин биротоло байлап беришти?
Анткени Жээнбековдор үчүн Ташиев жана Жапаров айыгышкан “жоо” эмес эле. Ташиев Жээнбековдун командасына кирип, анын президент болушуна 2017-жылы салым кошкон. 4-октябрда да Ташиев Жээнбеков менен сүйлөшүүгө барганы белгилүү. Андан сырткары Жапаровду Жээнбеков камаган эмес. Убагында бошотуп койбогону эле болбосо...

Атамбаевдин бийликке келиши Жээнбековдор үчүн жогоруда айтылгандай өлүмгө тете нерсе эле. Бабанов да “жоо” болуп турган. Ал эми Мадумаров сөзү катуу тийген, келишкис оппонент болуп калган эле. Ошондуктан Жээнбеков жана  “чимкирик” парламенти менен Ташиев, Жапаровду колдоого алышкан. Алар азыркы кезге чейин бир команда. 10-январда президенттик шайлоодо да Жээнбеков, анын парламенттеги, бийликтеги жан-жөкөрлөрү бүтүндөй Жапаровго иштеп, аны жеңишке жетишине бардык аракеттерди жасашты.
Мына ушундай...
Серепчи Айданбек Акматов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter