У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КТРК: Дебатта Сегизбаевдин Жапаровду сындаган видеосу кайрадан жүктөлөт


Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) 30-декабрдагы теледебаттын видеосун  YouTube каналдан өчүрүп салганын техникалык мүчүлүштүк деп түшүндүрдү. Бул тууралуу телеканалдын сайтына жооп жазышты. “КТРКны кандайдыр бир цензура боюнча айыптоого кыпындай дагы негиз жок ” дешти алар.

Алардын айтымында КТРКнын YouTube каналындагы түз эфирден кийин видео өчүрүлүп, сапаттуу болушу үчүн кайрадан HD форматында жүктөлөт. 30-декабрдагы дебатты кайра жүктөп жаткан учурда маалымат сактоочу каражат иштен чыгып калган. КТРК техникалык мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин ал видео кайрадан жүктөлөрүн билдирди.


30-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын биринчи турунун үчүнчү күнүндө президенттикке аттанган алты талапкер беттешкен.Анда талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал сүйлөп жаткан учурда Садыр Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна барганын айтып, далил катары сүрөттөрүн көрсөткөн. КТРКнын оператору аны ири план (крупный план) менен берген.

Бирок дебат бүткөндөн кийин таймаштын видеосу телеканалдын YouTube каналынан жоголуп кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter