У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаровдун атын сатып кошомат кылышкан Аспеков менен Жунусбековдун ээн баштыгына чара көрүлөбү?


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощиндин Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн жазган арызы боюнча укук тартибин коргоо органдарына кайрылды.

Белгилей кетсек, премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, азыр президенттикке ат салышып жаткан Жапаровдун өкүлү Боршайкомго 23-декабрда кайрылып, Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков аттуу адамдардын Жапаровго расмий жана юридикалык тиешеси жоктугун, алар шайлоо штабынын кызматкери эместигин билдирген. Ошону менен катар Мощин алар Жапаровдун үгүт өнөктүгүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышканын белгилеген.

Жапаровдун өкүлү өз арызында буга байланыштуу милицияга да кайрылганын, аларды жоопко тартууну өтүнгөнүн жазган.
 
Кызыгы бүгүнкү күнгө чейин Мелис Аспеков Жапаровдун Чүй облусу боюнча, Төрөхан Жунусбеков Талас облусу боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштеринин координатору экенин жар салышып, улак тартыш, волейбол сыяктуу ар түрдүү оюн-зоок иш-чарасын өткөрүп иштеп жатышат.

Эми ИИМ ээн баш буларга кандай чара көрөт күтө туралы. Балким, Жапаровчулар эл көзүн будамайлаган саясий оюн кылып жатышы мүмкүн. Эгер экөөнө мыйзам чегинде чара көрүлбөсө, анда бул жөн гана саясий шоу экени айдан ачык болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter