У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШнын санкциялык тизмесине Матраимовдун жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова да кирди


Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата АКШнын санкция жарыялашы кызуу талкууга алынып жатканда анын жубайы Аманда деген ат менен белгилүү болгон Уулкан Тургунова да аталган тизмеге киргендигин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео   Тwitter баракчасына жарыялады.

"Бүгүн Кыргызстандын экс-чиновниги Райым Матраимов менен жубайынын коррупцияга айыпталып Магнитский тизмесине киргизилгенин билдирем. Биз баарыбыз биргелешип гана коррупцияга каршы туруп, адам укугун бузгандарды жоопкерчиликке тарта алабыз", — деп жазган Помпео.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат.

Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter