У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки достун ортосунда жарака кетип, тирешүүдө…


Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго Жапаров деген фамилиялар аябай баш оору жаратты көрүнөт. 
Маселен, Акылбек Жапаровду өзүнө кеңешчи кылып ала коюп, коомчулукта катуу сынга кабылды. Натыйжада, аны иштен алып кутулду. Ал түгүл «менин жанымда жүргөнүнө карабастан, коррупцияга шектелген ким болсо жазасын алат», - деп да айтып жиберди. 

Эми ошонусу чын болсо Акылбек Жапаров Финансы министри болуп турганда өзүнүн менчиктештирип алган Канттагы “МИС” айыл чарбасына кызмат абалынан пайдаланып 200 миллион сом ссуда бөлдүрүп алып, төлөбөй мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген иши боюнча жоопко тартышы керек.  

Садыр Жапаровдун дагы бир экинчи Таалай Жапаров боюнча арагасы кетип турган убагы. Таалайбек Жапаровду УКМКнын Антитеррористтик борборуна директор кылып дайындоо боюнча буйрук чыгарса, аны УКМКнын төрагасы, досу Камчыбек Ташиев кабыл албай, кесиптик жамаат менен тааныштырбай дайындабай койду. 

Ошентип, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу аткарылбай абага асылып турганына бир жума болуп калды. Натыйжада, эки достун ортосунда кызматттык, кадр маселесинде келишпестик орун алып, жарака кетип, тирешүүдө.

Айткандай, Таалайбек Жапаров буга дейре Антитеррористтик борборду жетектеген. Андан соң Өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткартуу мамлекеттик кызматын жетектеген. Демек, ошол кезде Садыр Жапаров түрмөдө отурганда жарыгы тийсе керек. 

Ал эми Таалай Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын облустук бөлүмүн жетектеп турганда Ташиевдин «ТОМАС»  май куючу бизнесине байланышкан чыры, келишпестиктери бар экени айтылып жатат. Сыягы, Ташиев өткөндү кектеп жаткандай…


Пикир калтыруу
  • lalala
  • 12-06-2023, 13:28
  • : 13:28
    • Нравится
    • 0
La montre est un accessoire important dans la vie de tous les jours. Il n’est pas surprenant que la plupart des gens recherchent des montres qui sont à la fois pratiques et élégantes. Les montre replique sont l’option parfaite pour ces personnes. Montre replique sont des répliques exactes des montres classiques et sont faites avec des matériaux de haute qualité. Elles sont également très abordables et offrent une grande variété de styles.
Tag Heuer replique
Omega replique
Hublot replique
replique montre
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter