У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Райымбек Матраимов кармалды


 Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетке алынып келди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, ал 20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кармалган. 
 
Буга чейин Бажы тутумунда 2016-жылдын башынан ушул күнгө чейин Райымбек Матраимовдун жакындары көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схеманы түзүшкөн, анын натыйжасында мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Ошондой эле, Матраимовдун эң жакын чөйрөсүнө кирген жана жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 40тай адам аныкталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter