У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир эр менен жашап жатып, экинчи эрге тийип кеткенге кандай карайсыз?

 Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловго оңтойсуз суроолор?..



- Марат Аскерович, бир эр менен жашап жатып, экинчи эрге тийип кеткенге кандай карайсыз?  Бул дегендик, мыйзамдык да, моралдык да, диний жактан алганда да, акылга сыйбаган абийирсиздикти түшүндүрөт да туурабы?  Анысы сыңары, КСДП партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, «Биримдик» партиясынын төрагалыгына минип алганыңыз кандай? Ош шаардык кеңешине болгон шайлоого «Биримдикти»  сүрөп жүргөнүңүз, биринчи эри менен ажырашпай туруп, экинчи күйөөнүн этегин кармап кеткендей болуп жаткан жокпу?

Анын үстүнө «Биримдикке» өзүңүзгө окшотуп жалаң эки эрдин этегин бердей кармагандарды топтоп алганыңыз, партияга аброй алып келет деп ойлойсузбу?  Оомат кимге оосо ошол тарапка жапырылып, мурдагылардын жакшылыгын унутуп, сатып кеткендерге кандай карайсыз? Акчалууларды көргөндө көзү күйгөн сойкулар болот го. Аларда принцип, мораль деген жашабайт эмеспи, чынбы? Саясатчылар кандай болуш керек? Алардын сойкулардан айырмасы эмнеде?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter