У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаевдин баш айланткан балп этмеси…


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов кечээ 4-мартта, “Президент  тарабынан белек катары жеңишке жетишкенден кийин спортчуларга берилген батирлердин баардыгы убактылуу берилет. Спортчулар  өздөрүнүн наамына жаздырып жеке менчикке чыгара алышпайт. Бул туура эмес”- деп айткан эле. 

Бул маселе коомдо кызуу талкууга алынып, президенттин дарегине арбын сындар айтылган. Анан ушундай ыңгайсыз абалдан чыгаруу үчүн, сөзсүз бир «кошоматчы» аренада пайда болот эмеспи. Бул жолу андай вазийпаны Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнө алыптыр. Тилекке каршы, «жаман жайын айтам деп баарын айтат» болуп, балп этиптир. 

Тактап айтканда: “Депутат Дастан Бекешов айтып жаткан нерсе туура эмес маалымат. Биз президент тарабынан белекке берилген  спортчулардын, ошол эле Айсулуу Тыныбекованын дагы батирлерин эч качан убактылуу бербейбиз. Айсулуунун өзүнө Президент берген батир дагы спортчу кыздын наамына жаздырылып берилген. Ортодо атайын процедураларын жасап, менчикке өткөрүп алат. Болгону аны сата албайт, бирок жашайбы, же туугандарын киргизип алабы өзү билет. Эч кимге убактылуу батир берилбейт”- деп билдирген. 

Бул жерде Балбак мырзанын «менчикке өткөрүп алат, болгону аны сата албайт», -дегенин кандай түшүнсө болот? Менчик дегенди ээси өзү каалагандай пайдаланат да. Кааласа сатат. Каалабаса сатпайт. Сата албаса, демек депутат Бекешов айткандай убактылуу да. Деги Балбак мырза өзү айтканына өзү түшүнөт болду бекен? Же депутат баш болуп баарыбыздын түшүнүгүбүз жок, же Балбак мырза өтө эле акылдуу…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter