У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коррупционерлер министр, бирде депутат болуп эл тагдырын калчай берсе болобу?

«Кыргызстан» партиясынан ЖКга талапкер Нурлан Сулаймановго

Коррупционерлер министр, бирде депутат болуп эл тагдырын калчай берсе болобу?
- Нурлан Чолпонбаевич, учурда «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болуп бара жатасыз. Анан элге кантип уялбай эле «мени шайлап койгула» деп барып жатасыз?  Же барбай эле партияга жүз миңдеген долларды берип коюп, үйүңүздө мандат күтүп чалкалап жатасызбы? Деги мамлекетти ичип-жеп, тоноп, кылмыш иши козголгондо качып кетип, анан чет өлкөдө эс алып, сайран куруп, кылмыш ишинин мөөнөтүн өткөрүп, андан соң Кыргызстанга жайбаракат келип, кылмыш ишин кыскартып алып шайлоого бара берсе боло береби? Эң кур дегенде мораль дегенди ойлосоңуз боло? Ушунчалык дагы бетпак болосузбу?  Же эмне ичип-жеп, бирде министр, бирде депутат болуп элдин тагдырын калчай берем деп ойлойсузбу? Сиздей коррупцияга шектелген адам, Жогорку Кеңеште эмес түрмөдө отуруш керек го, туурабы? Сиздей адамдар Кудайдан коркобу? Корксо жер кантип көтөрүп жүрөт?.. Мамлекетти тоногон, элдин ырыскысына кол салган адам, элге кантип барып, эмне деп убада берип жатканына акылым жетпей айраң таңмын. Чындыгында, эмне жомокту айтып жатасыз? Бетиңиз менен артыңыз бир болуп калган эмес беле?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter