У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эльдар Абакиров: "Менин миссиям - өлкөнү кризистен чыгаруу" №6


Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин “бизнестеги информациялык системалар” адистиги боюнча бүтүргөн. Андан соң магистратурада, аспирантурада окуган. Юракадемияны бүткөндөн кийин, Англиядан стажировкадан өтүп келген. 
Эмгек жолун Казак мамлекеттик университетинде программалоо-аналитика боюнча сабак берген. Андан соң ошол эле Алматы шаарында “Казак темир жол транспорту илимий-изилдөө институту” ААКда программист-аналитик, "Банк ЦентрКредит" ААКнын борбордук казыналыгында, КРдин Улуттук банкында эксперт, экономика министрдин орун басары болуп иштеген. 
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.


- Эльдар мырза, эмне үчүн "Ата Мекендин" катарына кошулдуңуз?
- Мен атайылап партия тандаган жокмун. 2011-12-жылдары Кыргызстандын 7 дубанынан 7 бала биригип, “Адилеттүү Кыргызстан” деген партия түзгөнбүз. Ошол балдар менен азырга чейин чогубуз. Бир жылдан ашты, Жанар да биздин катарыбызда. Ошол команда кеңешип, принциптер туура келген партияга биригип, коалиция түзүүнү чечкенбиз. Биздин тандообуз “Ата Мекен” партиясы болду.  
- “Ата Мекендин” төрагасы Текебаев тизменин баш сабындагы жаштарга лидерликти өткөрүп берип, өзү шайлоого катышпасын билдирди. Ал кишинин, эң негизгиси элдин ишеничин актайбыз деп ойлойсузбу?
- Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин биз менен коалиция түзүүгө макул болгонунун өзү эле бизге ишеним артканын далилдейт. Биз “Жаңы дем” деген программанын алдында бириккенибизден бери эки айдан ашты. Андан бери бири-бирибизге жуурулушуп калдык. Ишеним дагы бекемделген үчүн бизге жол бошотуп берип, көңүлү ток шайлоого барбай эле коюну чечсе керек деп ойлойм.
Жогорку Кеңешке кандай максат, эмне миссия менен бара жатасыз?
- Мен мандатка, бийликке кызыккан жерим жок. Менин алдымда чоң миссия бар. Акыркы бир нече жылдарда Кыргызстандын жетекчилери өлкөнүн экономикасын болуп көрбөгөндөй талкалашты. Коррупция эбегейсиз өстү, “каралар” коомго аралашып кетти, миграция күчөдү. Бул проблемалар өлкөнү жарга такады. Менин миссиям - өлкөмдү ушул акыбалдан алып чыгууга, өнүгүү жолуна багыт алдырууга өз салымымды кошуу. Ал эми түздөн-түз же, эффективдүү салым кошуу үчүн парламент трибунасында болууң керек экенин түшүндүм. Буйруса, биз командабыз менен ал миссияны аткарабыз, ишке ашырабыз деген ниет бар.

- Кандай дейсиз, экономикалык кризис пандемиядан улам пайда болдубу же болгон акыбалыбызды эле ачык көрсөтүп койдубу?
- Ат-араба болсо, ат ким, арабасы ким? Кыргызстандын аты – колунан иш келген, коркпогон, билимдүү ишкерлер. Эгер, бизде ишкерлер көп болсо, жумуш орду да болот, салык төлөөчүлөр да болот, бюджет толот. Бюджет аркылуу мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы төлөнөт, чек ара бекемделет. Ишкерлерге, инвесторлорго акыркы 20-30 жылда туура эмес мамиле болуп келгени - чоң проблема. Экинчиси, адилетсиздик. Укук коргоо органдарындагы: сот, прокуратура, милиция ж.б. система, анда иштеген адамдардын ниеттери, шайлоолордо сатылып келген добуштар, мунун баары элге адилетсиздик аурасын түзүп койду. Мындан улам инвесторлор качты. Инвестициялык климат начар болсо, экономика артта калат. Андыктан, биринчи кезекте оңдой турган ушул эки проблема турат. Пандемия болгону ушул көйгөйлөрдү ашкерелеп койду.
- Пандемия учурунда кычкылтек станцияларын оноттуңуздар. Арзан жана пайдалуу долбоордун идеясы кантип жаралды жана аны кантип ишке ашырдыңыздар?
- Бул багытта негизги демилгечи Тилек Токтогазиев болду. Ишти баштап, мурдагы “Ганси” базасында, Кожомкул атындагы спорт ордосуна ачылган обсервацияларга кычкылтек станцияларын орнотту. Аларды интернеттен көрүп, мен да жарандык милдетимди аткарып, өз эл-жериме жардам иретинде койдуруп бергим келип, Тилекке жолуктум. Каржысын таптык, Тилектин жардамы менен Токмокко да орноттук. Андан кийин интернетке чыгып, аны көрүп, ооруканалар, андан бөлөк 10-15 адам жардам сурап кайрыла башташты. Арзан, үнөмдүү жана бат бүтчү иш экен, көп өмүрлөрдү сактап калганга себепкер болот экенибиз.   Ошентип, Тилек экөөбүз бирибиз өлкөнүн түндүк тарабын, экинчибиз түштүк тарабын алып, үч жума тынымсыз иштедик. Кыргызстан боюнча 10 бригада иштеди, жүздөгөн демөөрчүлөр жардам беришти. Жалпысынан 1 445 орундуу 50гө жакын ооруканага кислород жеткирдик. Долбоорубуз бул жагы Ак-Суу, Түптөн баштап, тигил жагы Лейлек, Исфанага чейин ишке ашты. 
- Эльдар мырза, сизди мен эле эмес, көбү “интеллигент жигит” дешет экен. Кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз, ата-энеңиз ким?
- Ата-энем - мугалимдер. Апам мектепте орус класстарга кыргыз тилинен сабак берет. Атам Курманбек Абакиров - филолог, илимдин доктору. Манас таануу боюнча китептерди жазган. Азыркы учурда филология кафедрасын жетектейт. Биз китеп менен чоңойдук. Бала кезде менин бөлмөмдө дубалдын баарына китеп тизилип турчу. Туулган күндөрүбүзгө ата-энебиз китеп гана белек кылчу. Ошол китептер биздин көп жетишкендиктерге себеп болду. Төрт бир тууганмын. Улуу агам милицияда иштеп, пенсияга чыкканы жатат. Иним ишкер, козу карын өстүрөт. Карындашым да окуу жайын бүтүп, ишкерчилик кылып жатат. Баарыбыз тең үй-бүлөлүүбүз.  

– “Ата Мекен” партиясына добуш берүүчү негизги аргументтерди санап өтсөнүз? 
– “Ата Мекен” партиясы жалаң профессионалдардан, эң башкысы эл үчүн иштейм деген адамдардан куралды. Кыргызстандын башкаруу системасын өзгөртүү керек. Өзгөртүү үчүн күчтүү саясий эрк гана керек. Мындай сапат атамекенчилерде бар. Биз өз өлкөбүздө бактылуу боло алабыз. Ал үчүн мыйзамдын бийлиги орноп, тартип жана ынтымак керек. Бийликтин ээси – эл. Эл өзүнүн туура тандоосу, сатылбаган, алданбаган, келечегине кайдыгер карабаган кадамы менен жакшы жашоого жетет. 4-октярь күнү шайлоого катышып, жарандык позицияңызды билдириңиз!
 
Чыгарылган күнү: 27.09.2020
«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter