У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев бүгүн сотко катышып, билдирүү жасайт


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин алгачкы соттук териштирүүлөрү башталат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко катышып, билдирүү жасаарын адвокаты Замир Жоошев маалымдады. 

Жоошев бул боюнча: “Алмаз Шаршенович бул кылмыш ишиндеги өзүнө тагылгшан айыптарды четке кагып келген. Ал башынан эле өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болоорун айтып келген. Кой-Таштагы окуяларда да мыйзам бузуу бийлик, күч органдары тараптан болгонун далилдөө үчүн ал сотко өзү катышып, билдирүүлөрдү жасайт”,-деп билдирди. 

Эске сала кетсек, Кой-Таш окуясына боюнча кылмыш иштин алкагында жалпысынан  19 адамга айып коюлган. Бирок, алардын арасынан беш адам тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган. Атамбаев 2019-жылдын 8-августунан бери УКМКнын тергөө абагында жатат


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter