У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына камалды...


Кечээки 2-марттагы Садыр Жапаровду колдоо үчүн уюштурулган митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран кармалып, алардын 162си тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилип, 4 адам камалган. 
 
Ошондой эле, митингди алып барган уюштуруучулардын бири Каныбек Осмоналиев, Садырдын агасы Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков УКМКга жеткирилген. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кылмыш кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алуу аракети) боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат. Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына камалды.
 
Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланып жатканын ИИМ маалымдады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter