У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Мандемдүү» экс-министрлер Сулайманов, Малабаев «Кыргызстандан» депутаттыкка аттанышты?


«Кыргызстан» партиясы бийликтин кол жоолугу катары парламентке келүүнү максат кылган партиялардын бири катары коомго белгилүү болду. Бийликчил партия экенин документтерин өз убагында тапшырбаган эреже бузганы үчүн БШК каттабай койсо, мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып соттон утту кылып зордоп каттатышты. Эми бул жагы кызылдай эле өкүм зордук болгонуна баарыбыз күбө болдук.

Эми маселенин экинчи жагын карасак, «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кимдер бар деген суроо жаралат. Түз айтканда, Кудайдан жөө качкандар тобу менен ушул партияда келе жатышат. Мына кылмыш иши козголуп чет өлкөдө качып жүрүп, бийлик менен ымалашып мандемдүү иштерин жең ичинен бүтүрүп, «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» кылган мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов менен Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык схемадан улам кылмыш иши козголуп, ишинен кеткен мурдагы Транспорт министри Аргынбек Малабаев «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кошоктошуп чогуу келе жатышат.  

Булар эмне бирде министр, бирде депутат болуп, шектүү иштерге аралашып эл тагдырын калчай беришеби? Жетишет. Эл эсине келип, буларды эс алгыла дечү учур келди.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter