У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечим чыгарды….


Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева 9-сентябрда сот чечими менен тааныштырды.
Анда: «"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын», - деп белгиленет.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter