У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канат Исаев жетектеп бараткан «Кыргызстан» партиясынын калптары…


Кудайдан жөө качкандар топтолгон, Канат Исаев башында турган «Кыргызстан» партиясы бул жолу элди эмне деп алдаар экен? Дегенибиз, 2015-жылы элге берген убадаларынын бирин дагы иш жүзүнө ашыршыкан жок.

Алсак, жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сүйүнчү пул берүү, Бишкек-Ош шаарларында 100дөгөн автобус алып келип, мектеп окуучуларынын, пенсионерлердин жол киресин бекер кылабыз деп ооз көптүрүшкөн. Анын бири аткарылбады. 

Бул эч нерсе эмес, Исаев жетектеген «Кыргызстан» партиясы республика боюнча 500 тигүү цехин, 500 теплица, 500 кайра иштетүүчү чакан өндүрүш ишканаларын ар бир облустун борборлоруна, ар бир районго куруп, миңдеген жумуш орундарын түзөбүз деп айкырык салышкан. Мына андан бери туура 5 жыл өттү. Бир дагы убадаларын да аткарышкан жок.



Эми болсо беттери кызарбастан жалаң акчалуу, элди ирээнжиткен талапкерлерди топтоп, шайлоого аттанышты. Шайлоодо бир көрүнүп, кооз убадаларды берип, кайра жок болуп кеткен партияларды эми кайра шайлай турган болсок өз шорубуз.  

«Кыргызстан» эми сүйүнчү пулду 100 миң кылабыз, республика боюнча 1000ден теплица, тигүү цехин, чакан өндүрүш ишканасын курабыз деп чыкса таң калбай эле койгула.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter