У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир болдун” «күзгүсү»…


Курманбек Баиеквдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун финансы директору экени, партияны Бакиевдер каржылап жатканын коомчулукта кызуу талкууланууда. Марат Бакиев агасы президент кезинде Германияда элчилик кызматты аркалаган. 

Твиттер колдонуучусу Warwenych: “Сымбат Маратбектин тегин карап көрсөк Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Тейит айылынан, чет өлкөдө билим алган, бир нече тилде эркин сүйлөгөн бул кыз акчасы жок жаңы жүздөр менен биринчи ондукту алып чыккан Алтынбек Сулаймановдун партиясынын каржысында мааниси бар”, - деп жазат Твитте. 

«Бир бол» партиясынын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров : “Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер эмес. Мындан сырткары, ал жетектөөчү кызматты ээлебейт жана партияны каржылоо саясатына эч кандай тиешеси жок. Ал штабдагы катардагы кызматкер”, - деп билдирди.

Кыскасы, бул жагы чатак болду. Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир Бол” партиясында иштери чындык экен. Демек, шайлоодо каржы кайсы жактан келет дегендин жообун ушул жактан издесек болчудан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter