У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишенбай Кадырбеков: «Текебаев шайлоого катышпай калса, адилетсиз болуп калат»


Учурда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катыша алабы деген суроо коомдо көп талкууланууда. Мындай маселе белгилүү коомдук ишмер, саясат таануучуларды дагы кайдыгер калтырган жок. 

Маселен, Ишенбай Кадырбеков: «Эгерде Текебаев талапкерлердин тизмесинде болуп, бирок БШК аны каттабай кое турган болсо, кимдин авторитети көтөрүлөт? Текебаев тизмеде болсо, болбосо деле партиясы шайлоого катыша берет. Демек, эл деле сурайт да, адилеттүүлүк кайда, эмнеге Текебаев соттолбосо деле тизмеде жок деп? Андыктан, мындай кадам элди тескерисинче бийликтин партияларына каршы үгүттөшү мүмкүн», - деп Текебаев шайлоого катышпай калса, адилетсиз болуп калат деген оюн "Азаттыкктагы" маегинде билдирди.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариев ошол эле “Азаттыкка”: «Сот процесси узакка созула турган болсо, Текебаевдин эл арасындагы кадыр-баркы ансайын жогорулайт, анткени азыр Кыргызстанда реалдуу оппозиция жок», - деп сот процесси создуктурулса, Текебаевдин рейтинги жогорулайт деген пикирин айтты.

Бирок, азырынча Текебаев өзү шайлоого катыша турганын расмий жарыялай элек. Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев башында турган «Ата Мекен» партиясы шайлоого катышуу ниетин билдиришти. «Жаңы дем» деген ураан менен чыккан тизмени депутат Жанарбек Акаев баштап барат. 

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо процесси кезектеги жолу 3-августка жылдырылды. 

2017-жылы россиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнөн улам Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өкүмдү жокко чыгарып, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн. 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот залынан үй камагына чыгарган. Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайлардан улам 2019-жылдын 12- сентябрынан баштап карала баштады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter