У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: «Гансидеги дарыгерлер ыйлашты…»

Бизде эмнеге ооругандардын саны өсүп, оору азайбай жатат? Мунун себеби тартип менен тазалыктын жоктугунда экен. Бул абалды бүгүн «Гансиге» барып дарыгерлер менен жолугушуп, абал менен жеринен таанышып келген ЖКнын депутаты Жанар Акаев социалдык баракчасына жазды. 

«Унчукпай коюуга мүмкүн эмес! Реалдуу акыбал. Кечээ Кант шаарында Россиядан келген врачтардын кейиштүү абалын көрдүм, унчукпастан керектүү жардамымды берип кайттым. Бүгүн “Гансидеги” андан да оор абалды көрдүм, врачтар ыйлап кайрылышты, буга унчукпай коюу мүмкүн эмес!
 
“Ганси” кадимки жайлоо, эч кандай блок пост жок, оорулууларды туугандары “кызыл зонага” чейин өздөрү алып кирип жүрүшөт! Врачтардын кийинген жайлары, таштандылар, каалагандар кирип чыкчудай шарт - оорунун жайылышына алып келээри турган иш! Медиктер ыйлашты, атайын пост коюлуп, ошол жерден врачтар оорулууларды алып кетип, башка кишилер кирбеши керек болчу, азыр аралашып жатып калды дешти. Эми ошол жерге кирип чыккан бир адам шаарга келип канча кишиге жугузат, алар кайра канча оорулууну больницага алып барат, кайра эле врачтарга түйшүк. Эң жөнөкөй тартипти “Гансиде” орното албай, премьер-министр, вицелер эмне үчүн ал жакка барып жатасыздар? Телефондон бир да кайрылуума оң жооп болбой жатат. Коронавирус “Гансиден” оңой эле жайылып жаткандай, адамдар кенен кесир жүрөт, эмне ошол жерди тартипке салып коюу үчүн да чет-өлкөдөн карызга акча алышыбыз керекпи? Муну тез арада тартипке салып, оорунун жайылышын чектебесеңер, жоопко тартууну талап кылышыбыз керек! Болбосо азыр чын-жүрөктөн жардам берип жүргөн ыктыярчылардын, тамак-аш таратып жүргөн мекенчилдердин, четтен алган дары-дармек, эл чогулткан акчанын баары асманга кеткен болот!
 
Урматтуу өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, муну тез арада тартипке салууну талап кылабыз. Болбосо республикалык штабга жөндөмдүү, иштей ала турган менеджерлерге ордуңарды бошоткула!
 
Сын айтпай, унчукпай көмөктөшүп келатканбыз, бирок бул коомчулукка чыгып, көңүл бурулбаса, штабды, өкмөттү ойготуу үчүн дагы далай өмүрлөр кыйылышы керекпи?
 
Бийлик проблеманы айтып чыккан саясатчы, журналисттерге фейктеринерди каршы иштетип отура бербей, энергияны чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө короткула!»-деп жазды Акаев. 

Унчукпай коюуга мүмкүн эмес! Реалдуу акыбал. Кечээ Кант шаарында Россиядан келген врачтардын кейиштүү абалын көрдүм, унчукпастан керектүү жардамымды берип кайттым. Бүгүн “Гансидеги” андан да оор абалды көрдүм, врачтар ыйлап кайрылышты, буга унчукпай коюу мүмкүн эмес! “Ганси” кадимки жайлоо, эч кандай блок пост жок, оорулууларды туугандары “кызыл зонага” чейин өздөрү алып кирип жүрүшөт! Врачтардын кийинген жайлары, таштандылар, каалагандар кирип чыкчудай шарт - оорунун жайылышына алып келээри турган иш! Медиктер ыйлашты, атайын пост коюлуп, ошол жерден врачтар оорулууларды алып кетип, башка кишилер кирбеши керек болчу, азыр аралашып жатып калды дешти. Эми ошол жерге кирип чыккан бир адам шаарга келип канча кишиге жугузат, алар кайра канча оорулууну больницага алып барат, кайра эле врачтарга түйшүк. Эң жөнөкөй тартипти “Гансиде” орното албай, премьер-министр, вицелер эмне үчүн ал жакка барып жатасыздар? Телефондон бир да кайрылуума оң жооп болбой жатат. Коронавирус “Гансиден” оңой эле жайылып жаткандай, адамдар кенен кесир жүрөт, эмне ошол жерди тартипке салып коюу үчүн да чет-өлкөдөн карызга акча алышыбыз керекпи? Муну тез арада тартипке салып, оорунун жайылышын чектебесеңер, жоопко тартууну талап кылышыбыз керек! Болбосо азыр чын-жүрөктөн жардам берип жүргөн ыктыярчылардын, тамак-аш таратып жүргөн мекенчилдердин, четтен алган дары-дармек, эл чогулткан акчанын баары асманга кеткен болот! Урматтуу өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, муну тез арада тартипке салууну талап кылабыз. Болбосо республикалык штабга жөндөмдүү, иштей ала турган менеджерлерге ордуңарды бошоткула! Сын айтпай, унчукпай көмөктөшүп келатканбыз, бирок бул коомчулукка чыгып, көңүл бурулбаса, штабды, өкмөттү ойготуу үчүн дагы далай өмүрлөр кыйылышы керекпи? Бийлик проблеманы айтып чыккан саясатчы, журналисттерге фейктеринерди каршы иштетип отура бербей, энергияны чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө короткула!

Опубликовано Janar Akaev Среда, 15 июля 2020 г.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter