У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди МОМБЕКОВ: "Атамбаев өлүп калбаш үчүн баарын жасоодо...


Бүгүн 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Мухтар Айнакулов УКМКнын СИЗОсунда отурган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалын билип чыгышты. 
Атамбаевдин саламаттыгы кооптуу абалда экенин жолугушуудан чыккан депутат Рыскелди Момбеков маалымдады. Эл өкүлүнүн айтуусунда Атамбаев бийликтен суранбай турганын, СИЗОдон эле дарылана турганын билдирген. 

Бул туурасында Момбеков: «Азыркы тапта анын кан басымы 80/60 болуп жатыптыр. Аябай кооптуу абалда. Ден соолугуна кам көрүп, кан басымын көтөрүү үчүн эртеден кечке бал менен чай ичип жатыптыр. УКМКнын кызматкерлери жакшы мамиле кылып жатышканын, күнүнө эки жолу спорт залга барып машыгып жатканын айтты. Түнкүсүн күнөөсүз отурган балдарды ойлоп, санаа тартып кан басымы түшүп кетип жатканын белгиледи. Бирок биз баарыбыз көрдүк, өйдө болгондо кулап кетейин деп бутуна араң туруп жатканын. Ошого карбай, аягына чейин чыдай турганын, өлүп калбаш үчүн баарысын жасап жатканын билдирди. Ден соолугу эле төмөндөп кетпесе, руху төмөндөгөн эмес», - деп кабарлады. 

Ошондой эле, Атамбаев менен жолугушканда партиянын келечеги тууралуу да сөз болгонун айтты. Бул боюнча: «Түрмөдө отурса да партия тууралуу ойлонуп, өлкөнүн келечегине өзүнүн анализин билдирип, бизди шайлоого катышып, ынтымакты сакташыбыз керектигин, келип кеңешип, учурашып турушубузду суранды», - деп кошумчалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter