У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажиктер Кыргызстанга тиешелүү чек арадагы дубалды атайын тешип даярдык көрүшкөн…


2020-жылдын 8-майында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында  Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирилип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын үйлөрү өрттөлүп, үч аскер, бир жөнөкөй жаран октон жаракат алышты. Бир аскердин абалы өтө оор…

Жергиликтүү жарандар чек арага чектеш деп айтылган дубал тажиктер тарабынан бир нече жерден тешилип, алдын ала даярдык көрүлгөнүн, алардын максаты – атайын адам өлүмүнө жеткирген чагым уюштуруп, ок атып, кысым кылуу аркылуу жергиликтүү калкты коркутуп, бул аймактан көчүп кетишин камсыздап, суу кеткен чоң каналды ээлеп, Баткенди суудан көз каранды кылып, Лейлекти анклавга айлантууну көздөшкөн экспансиялык саясат экенин күйүп-бышып айтып жатышат.

Өрттөлгөн үйлөр жана талашылып жаткан жерлер расмий маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасына караштуу болгонуна карабастан, Тажикстан тарап өзүнүкү деп жарыялоодо. Биздикилер болсо, өзүбүздүн жерди «талаштуу жер» деп тажиктердин чырагына май тамызган билдирүүлөрдү жасап, жоопкерчиликтен, мекенчилдиктен алыс сөздөрдү колдонуп келишүүдө.

Мына 8-майдагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан чыккан чырга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисине нота тапшырса, тажик тарап беттырмарлык кылып жоопкерчиликти кайра кыргыз тарапка оодарып, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековду чакыртып, нааразычылык нотасын тапшырды.

Анда Кыргыз Республикасынын жараны мылтыктан ок чыгарганы, ага улай кыргыз чек арачыларынын кийинки аракеттери себеп болуп, тажик чек арачылары жооп катары чара көрүүгө мажбур болгондугу айтылып, чек ара аймактарындагы кырдаалдын курчушу үчүн бардык жоопкерчиликти кыргыз тарапка толугу менен жүктөп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Буга дейре, 2019-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылынын мектебин Тажикстан миномёт менен атканда дагы Кыргыз бийлиги чара көрө алган жок.

Мына ушул абал кайра кайталанып, 2020-жылдын 8-май күнү Тажикстандын куралдуу күчтөрү миномёт колдонду.

Президент Жээнбеков эӊ кур дегенде Коопсуздук кеӊешин чакырып абалды талкуулаганга жараган жок. Ырасында, тышкы күчтөр кыргыз жерине коркунуч жаратып жатса үн катпай койгон акылга сыйбайт. Ал эми Атамбаев бийлигимди басып албасын деп, түнү менен Коопсуздук кеӊешин чакырып, эртеси 6 миӊден ашык милицияны, атайын даярдыктагы күчтөрдү Кой-Ташка жиберип чоӊ трагедияга айлантса болот да, мамлекеттин бүтүндүгүнө тышкы күчтөр тарабынан кооптуулук жаралып, чек арада чоӊ чатак, чыр чыгып жатса билмексен болуу Мамлекет башчысынын кылаар иши эмес.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары чек арадагы кырдаалга олуттуу маани берип, чечкиндүү кадамга барышын коомчулук күтүп жатат. Ал түгүл талап кылууда.

Маселени чечиш үчүн президент чечкиндүү болуп Тажикстан менен болгон чек араны жабыш керек. Элди, жерди ойлосо, кырдаалды көзөмөлгө алып, жергиликтүү элдин, бүтүндөй мамлекеттин беделин кетирип, тажик тараптын үстөмдүк кылышына жол берген, бир ууч аткаминердин контрабандасын өткөрбөй, Тажикстанга күнүнө кирип жаткан миңдеген тонна ГСМди токтотсун. Бул иш колунан келбесе, "ууру-бизнесмен, чиновниктердин контрабандасын токтотконго күчүм жетпейт" деп ачык айтсын. Эл өзү токтотот. Эл карантинде иши жок, акчасы жок кыйналса мейли, ууру-бизнесмендер, элин ойлобогон аткаминерлер бензин сатып туйтунса болот экен да? Президент Сооронбай Шарипович, табакташ болуп үлүштө отурбасаңыз, чек араны жаап, контрабанданы токтотуңуз...

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter