У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине убадаланган акча төлөнөт


Коронавирус илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине убада берилген тыйын төлөнөт. Бул тууралуу вице-премьер министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 4-майдагы буйругу менен медициналык жардам көрсөтүү жана илимий иштерди жүргүзүү учурунда коронавирус илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине убада берилген 200 миң сом төлөнүп берилет. Ал эми вирус жугузуп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом төлөнүп берилет.

Аида Исмаилованын маалыматына караганда, саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат учурунда вирус жугузган кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн республикалык бюджеттен 50 млн. сом бөлүнгөн, кенемте атайын комиссиянын чечими менен бир жолу гана берилет. Мындан тышкары вирустан өлгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнө зыяндын ордун толтуруш үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында каралган акча да төлөнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter