У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакировдун балп этмелери жана чыйкан мыйзамдары…


Жогорку Кеӊештин депутаты Мирлан Бакиров вице-спикер болгондон кийин «жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» дегенди айкын далилдеди. Эмесе, эл өкүлүнүн «бакага алтындан таажы кийгиз­сең дагы балчыкка секирет» болгон балп этме жоруктарына токтолобуз. Ошондой эле, элдин кызыкчылыгына туура келбеген чийки мыйзамдарды жазып таӊуулаган тайкылыгын эске салабыз…

16-январда вице-спикери Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊештин жыйынында Орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду свитер кийип келгени үчүн жаш баладай кагып, бозала кылган..

- Бул жер базарбы? Эмнеге футболка кийип келесиз? Жыйынга чакырылгандардын кийими эмне себептен көзөмөлдөнбөйт? Аппарат эмнени карап отурасыңар? Сиз жыйынга катышуу үчүн тизмеде да жок экенсиз, кете берсеңиз болот...

23-январда парламенттин жалпы жыйынында жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керектигин айтып туталанган.

- Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды ошол жерге бир жумага жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатышканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт...

6-майда парламентте Исфанадагы селге байланыштуу, мамлекеттен акча корото бербестен, элди мобилизациялап канал каздыруу сунушун айтып, Чоӊ-Чүй каналын мисалга тартты.

- 1958-жылы курулган 100 км жакын Чоң-Чүй каналы эч кандай оор оор техникасы жок, кетмен, күрөк менен курулган. Балким, жумушу жок үчүн жөлөк пул алган жергиликтүү элди мобилизациялап маселени чечиш керек. Биз жыл сайын миллиондогон каражаттарды коротуп, отура беребизби…

Чийки мыйзамдары…

Депутат Мирлан Бакиров ЖК спикерине, премьер-министрге жана алардын үй-бүлөсүнө кол тийбестик укугун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун алып чыгып, коомчулуктун төө бастысына калган.

Документ "Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө" деп аталат.

Анда ЖК төрагасы менен өкмөт башчынын турак жайы, кызматтык орун-жайлары, транспорттук каражаттары, байланыш каражаттары, аларга таандык архиви, башка мүлк, документтери, жол жүктөрү, жазышкан кат, билдирүүлөрү да кол тийбес болору белгиленген. Бул кол тийбестик үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү экендиги даана көрсөтүлгөн.

Экинчи дагы бир "чудосу" Кыргызстанда саясий партияларды бюджеттен каржылоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. 

Мыйзам колдоо тапса, парламентке өткөн жана шайлоочулардын эки пайыз добушун алган партияларга жыл сайын бюджеттен акча бөлүнөт.

Бул боюнча депутат Мирлан Бакиров:  

- Бул жерде жыл сайын 16 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин бөлүнчү акча тууралуу сөз болуп жатат. Биз бүгүн 16-20 миллион сом сарптоо менен мамлекеттин келечегин аныктай турган сапаттуу партияларды даярдап жатабыз. Ал партия эртең өкмөттү курайт. Жалпылап айтканда өлкөнүн жалпы өнүгүү багытын сапаттуу парламент аныктайт, - деп акыл айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter