У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азиз Батыров: "Устатым балдарын таштаган эмес! Жанында жүргөн биз билебизби же ушак уккандар сиздер билесиздерби?"


Учурда КР эл артисти, дастанчы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Роза Аманованын үй-бүлөсүнүн жана анын адамдык жеке аброюна шек келтирилген талкуунун кызуу жүрүп жаткан чагы. "Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт" дегендей ар ким ар кайсыны жазып, айтып жатышат. Ошол себептен шакирттеринин бири Азиз Батыров жанында жүргөн, тарбиясын алган инсан катары өз оюн билдирди. Текстти өзгөртүүсүз беребиз. 

"Ушул күндөрдө менин улуу устатым КР эл артисти Роза Аманова эжейим жөнүндө айтылып жаткан апыртма ушактарга, орунсуз жазылып жаткан комментарийлерди окуп, ушул оюмду калтырууну чечтим. Бүгүн мен билгенимдин баарын сиздерге түшүндүргөнгө аракет кылып көрөйүн. Биринчи мен баса белгилеп ачыктачу тема ар дайым эле устатымдын үй-бүлөсү жөнүндө ушак сөздөр айтылып келет,  балдарын таштап карабай кеткен деген жана башка ушул сыяктуу апыртма сөздөр. Балдарын эч качан таштаган эмес, анткени мен ошол сиздер таштап кеткен деп айтып жаткан балдары менен бирге эле бир тууган болуп бирге өстүм. Атайын Оштон шакирт болом деп Бишкекке устатымдын өнөрканасына бала чагымда келгенимди баарыңыздар билесиздер. Ошол үчүн мен так туура айта аламын. Балдарын таштаган эмес, тескерисинче бардык мээримдүү апалардай канаттууга кактырбай, асырап абайлап чоңойткон. Ошол устатымдын жанында жүргөн  биз билебизби же ушак уккандар сиздер билесиздерби? Эженин балдары менен биз кошо чонойдук го. Ооба биринчи турмушу болбой калып эки айрым жолго түшкөнү чын, бул тагдыр да маңдайга жазганын көрөбүз кимде гана мындай болбоптур ар бир үй-бүлөдө бул көрүнүш болуп калышы мүмкүн го. Башкалар экинчи турмуш  эмес жыйырманчы жолу турмуш курса да сөз кылбайбыз, атактуу өнөр адамы болгон үчүн гана бул ушак сөз айтылып келсе керек. Ал эми айтылып жаткан ушак сөздөрдүн баарын калп деп толук ишеним менен айта аламын. Анын ордуна устатымдын кыргыз салттуу музыкасын жайылтуу үчүн кылып жаткан тоодой эмгеги, кыргыз элинин музыкасын дүйнөгө таанытып жатканын, кыргыз элинин кылым карыткан комузун муундан муунга өтүүсүнө чоң эмгек кылып жатканын сөз кылсаңыздар туура болот деп ойлойм. Кыргыз элинин кайталангыс өнөр ээси булбулу, мыкты дастанчысы, мыкты устат экенин эч кимибиз тана албайбыз. Мен устамдын шакирти уулу экениме, таалим тарбия алып калганыма сыймыктанамын. Азыр заман эмне болуп жатат, дүйнөгө келген илдет кай бир жерлерди сел каптап адамдар өлүп жатпайбы, ушул айрымдар көрө албастык ичи тарлык бирөөнүн тынч жашап жаткан үй бүлөсүнө асылгандын ордуна, тообо кылып шүгүр десек жакшы болмок. Ылайым өлкөбүздө тынчтык болсун, баарыбыз бейпил турмушта өмүр сүрөлү!!!" дейт Батыров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter