У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азимбек Бекназаров элчилик кызматка Малайзияга сапар тартты

Азимбек Бекназаров Малайзияга сапар тартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook-баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү.
Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине өзгөрүүлөр алып келерине ишенимин билдирет.
«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 26-декабрда дайындалган. Малай тилинен 200 сөз жаттап алганга кудурети жетээрин айтып, тил башкы маселе эмес экенин билдирген. Андан соң, жакында эле өлкөгө инвестиция тартуу анын жоопкерчилигине кирбестигин айтып, талкууга калган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter