У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Арапбаев бир күйөөдөн чыгып, бир күйөөгө тийген аялдайбы?


2020-жылдын 12-апрелинде 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлы-Суу шаардык кеңештерине шайлоо болгону турат. Бул эми күздө болуучу парламенттик шайлоого даярдык. Кайсы саясий күчтөрдүн дарамети канчалык экени ушул шайлоодо сыналат. 
Тилекке каршы, азыртадан баштап шайлоонун шайтан оюндары күч алды. Бир дарекке 50дөн шайлоочу каттап жаткан көрүнүштөр орун алып жатканы айтылууда. Өзгөчө бул көрүнүш Ош жана Токмок шаарларында күч алганы байкалууда. 

Кумдай эле салаадан куюлуп турат экен чиркин… 

Маселен, учурда «Биримдик» партиясын сүрөп жаткан Азамат Арапбаев Ош шаарына он миңдеген шайлоочуну убактылуу каттоого тургузганы кеп болуп жатат. Ал өзүнүн Араван цемент заводундагы, башка дагы ишканаларындагы жумушчуларынын баарын Ош шаарына убактылуу каттоого тургузаны боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. 
Бул Арапбаев деген неме, оомат кайсы жакка оосо эле, ошого кенедей чап жармашып, мурунку ичкен кудугуна түкүрүп баса бергенди мыкты өздөштүрүптүр. Маселен, Бакиевдин доору жүрүп турганда «Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңештин босогосун аттады. Алардан бак тайыганда, «Ата Журттун» этегени кармап депутат болду. Азыркы учурда КСДПдан депутат. Эми болсо «Биримдикке» кирди. Кумдай эле салаадан куюлуп турат экен чиркин…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter