У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: " COVID-19 менен ооругандардын 40 пайызына эч кандай дары-дармек берилген жок"


Аз күн мурда эле коронавирус жуктуруп алып, дарыланып үйүнө чыгып жаткан бейтаптардын бири "Бир тоголок дары ичпей айыгып кеттим" деген видеосун интернет аркылуу тараткан. Мындай пикирлерге Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев брифингде жооп берди.

Анын айтымында жаман вирус жуктуруп алып учурда ооруканада жаткандардын 40 пайызында оорунун симптомдору жок, аларга эч кандай дары-дармек берилген жок. Учурда өлкөдө COVID-19 менен күрөшүүгө бардык дары-дармек, жабдуулар, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү. Ар бир бейтапка абалына жана жаш курагына жараша дарыгерлер улуттук жана регионалдык консилиум өткөрүп, өзүнчө дарылоо жол-жобосун иштеп чыгат.

“Бизде соңку күндөрү оор абалда жаткандардын абалы орточо болуп калды, каза тапкандардын саны өскөн жок, көбү толук айыгып үйүнө чыгарылды. Бүгүнкү күндө ооруканадагы 222 бейтапта оорунун жеңил түрү байкалууда, алардын ичинен 40 пайызында оорунун симптомдору жок. Башкача айтканда, алар антибиотик, вируска каршы дарыларды ичишпейт. Дарыгерлер байкоо жүргүзүп турабыз, абалы өзгөрө баштаганда гана симптомдук терапия жасалат”, — деди пульмонолог.

Ошондой эле ал дарыгерлер кандай препараттар колдонулары туурасында алдын ала бейтапка айтып, макулдугун алгандан кийин гана дарылоо башталарын белгиледи.

“Бир дагы адамга анын өзүнүн макулдугусуз дарылоо жүргүзүлбөйт. Эгер абалы начарлап пневмония болуп жатса, консилиум өтүп, ага дарылоонун жолу сунушталат. Демек препаратты кабыл алабы же жокпу, бейтап өзү чечет. Бизде дары-дармек ичүүдөн баш тарткан бейтаптар дагы болгон. Дарыгерлер эрежени сактап, макулдугун бергенге чейин дарылаган эмес. Айтарым, мунун баары оңой эмес, ар бир бейтап дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө. Биздин жаңы муундагы мыкты дарыгерлер ар бир адамдын саламаттыгын сактоо үчүн бар күчүн жумшап жатышат”, — деди Сооронбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter