У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин аяктаса да, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салына берет



Кыргызстанда жаман вируска байланыштуу киргизилген кээ бир чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт экенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты:

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүдө, чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат» дейт маалыматта. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter