У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик чек араны коргойм дегендерди коргобой кордойбу?

Лейлек районунун Катыраң айылдын кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалганы боюнча коомдо талкуу токтой элек. Коомдук активисттер, ишмерлер анын камалышы чек ара маселесинде баарын ачык-айкын айткан ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтышууда. 
Булл боюнча Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылгандар болуп жатат. Тилекке каршы, жогорку бийлик өкүлдөрү ооз ачпай билмексен. 
"Чек ара" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлжигит Исаков, Бөрүбаевдин үстүнөн жергиликтүү кеңештин депутатынын сабап салды деп жазган арызы, атайын даярдалган чагым, бууйрутма болушу мүмкүн экенин айтып чыкты.
Милициянын маалыматында, 12-февраль күнү саат 19.00 чамасында эч бир себепсиз сөгүп, сабады деп, Сапарали Бөрүбаевге каршы Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз жазган. Арыз ээсинин жараатын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган.
Сапарали Бөрүбаев - кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатат деп сындап келаткандардын бири.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter