У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен театры Көркөм жетекчилүү болду


Жаш режиссер, актер Курманбек Ниязбеков жакында эле А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрына Көркөм жетекчи болуп дайындалды. Жаш жетекчи менен баарлаштык.

- Курманбек, жоопкерчиликтүү кызмат ордуңуз кут болсун. Жетекчи болуу кандай экен?
- Жоопкерчилик өтө жогору. Бүтүндөй бир облустун театрынын чыгармачылыгын, репертуардык саясатын мойнума алып келип отурам. Бир чети мен үчүн чоң сыноо жана зор мүмкүнчүлүк. Жаш экениме карабай маданият министрлиги ишенип жооптуу ишти жүктөдү. Эми иштеш гана керек жана жакшы натыйжа көрсөтүү сөзсүз түрдө. Көркөм жетекчиликке сунуш театрдын мурдагы директору тарабынан болгон. Адегенде ойлонуп көрүүнү чечтим. Кийин маданият министрлигине чакырышты. Кайрат Олжобаевич да иштеп бер деп колдоого алды. Бул мага чоң стимул болду. Театрга жаңы директор экөөбүз бир күндө чогуу келдик. Ал киши да буга чейин Баткен телеканалын жетектеп, өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн, тажрыйбалуу адис. Буйруса жакшы натыйжа көрсөтөбүз деген изги тилек менен иш алып барып жатабыз.

- Театрдын абалы кандай экен?
- Театрдын абалы мен ойлогондой эмес. Анткени, профессионал артисттер аз. Аймактан борборго барып, окууну аяктап, бирок кайра Баткенге келип эмгектенгендер өтө сейрек. Жокко эсе десем да жаңылбайм. Кадр жагынан аксап турабыз. Бирок, коллективде иштейли деген аракет жакшы. Эң башкысы ушул.

- Иш планыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Алдыга тоодой максат, пландар бар. Буйруса ирети менен жүзөгө ашырам деп жең түрүп ишке кириштим. Негизги максат Баткен театрын үлкөн театрлардын катарына теңөө. Республика ичиндеги театралдык фестивалдарга четте калбай активдүү катышуу. Кошуна өлкөлөр менен алаканы өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу. Быйылкы жылдан тарта Баткенден атайын абитуриенттерди иргеп алып борборго окууга жиберип, окутуп, театрга профессионал артисттерди көбөйтүү.
Фабула Пресс









Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter