У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Заслон» күзөт агенттиги кызматкерлердин айлыгынан 20%ин кыркып сыздатып жатабы?


Учурда коронавирустун кесепетинен карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаалдан улам көпчүлүк үйлөрүнөн чыкпай ишсиз отурушат.
Мына ушул оор кырдаалдан пайдаланышып айрым иш берүүчү компаниялар жумушчулардын айлыктарын кыскартып жатышат. Шылтоого шыноо деген ушул экен. Кырдаалды өз кызыкчылыктарына бурмалаган компаниялардын айынан, жөнөкөй жарандар жабыр тартышууда.

Алсак, учурда карантиндин айынан азыркы кезде бир гана азык-түлүк саткан соода түйүндөрү иштеп жатат. Өзгөчө «Глобус», «Народный», «Фурунзе» деген гипермаркеттердин иши мурдагыдан дагы жакшы жүрүшүп кирише табышууда.

Ушундай ири соода түйүндөрүн келишимдин негизинде кайтарууга алган «Заслон» күзөт агенттиги бар. «Заслон» агенттегинде келишим менен 1000ден ашык жарандар соода түйүндөрүн кайтарып иштешет.

Мына ушул агенттик жумушчуларынын айлыгын 20% кыскартып жатыптыр. Анын себеби катары, өлкөдөгү оор кырдаалдан улам, буюртма берген компанияларда финансылык оорчулук жаралаганы менен түшүндүрүшкөн.

Кызыгы, «Заслон» кайтарган соода түйүндөрү тескерисинче майда базар, магазиндер иштебей тургандыктан, иши мурдагындан да жакшы болуп жатат. Анан кайдан аларда оорчулук жаралып жатканын айтуу кыйын. Макул оорчулук жаралса, анда эмнеге «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринин финансылык кыйынчылыктан улам мурдагы келишимден аз төлөйбүз деген сыяктуу катын, кайрылуусун «Заслон» агенттиги жумушчуларына көрсөтпөй жатат деген суроо туулат.

Ансыз да оор күндөрдө транспорт жок ишке жөө каттап 8-9 миӊ сом алып, 1 сутка күзөттө турган кызматкерлердин айлыгынан дагы 20%ин кыркып, алардын үстүнөн пайда көргүсү келген  «Заслон» күзөт агенттигинин жетекчилигине мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүш керек го…

Бул күзөт агенттигинин жетекчилери ансыз да оор кырдаалдан пайдаланып жумушчулардын бир тобун кыскартып салышкан. Мурда 6 киши иштеген жерде учурда 4 гана киши иштеп жатыптыр. Эми болсо айлыктарын кыркып, үйүндө ишсиз жаткандан көрө айласыз иштешет кайда бармак эле деген мамиле кылып жатышыптыр.

Мына ушундай ынсапсызга кашык берсеӊ беш ууртайт дегендердин тизгинин тартып, эсиӊерди жыйгыла деш керек. Болбосо, мамлекеттик тиешелүү органдар лицензиясын чакыртып алып, акчага көөп, көзү тумандагандарды эсине келтириш керек мамлекет болгондон соӊ…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter