У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казак ырчысы Гүлмира Избаскановага кыргыз эли ыраазычылык билдирүүдө


Өзгөчө үнү, аткаруу чеберчилиги, стили  менен башкалардан айырмаланган казак ырчысы Гүлмира Избасканова өзүнүн мекенинде эле эмес, Орто Азия мамлекеттеринде өтө популярдуу. Өзгөчө боордош элдин ырчы кызын кыргыз эли да бөтөнчө урматтап, чыгармачылыгын сыйлашат.

Акыркы күндөрү ырчы кыздын аброю кыргыз элинде мурдагыдан да өскөнүн баамдоого болот. Буга ырчынын кыргыз элинин элдик ырына айланып кеткен айтылуу акын Ашыраалы Айталиевдин "Сен жылкычы мен чабан" аттуу ырын "кыргыз боордошторума арнайм" деп атайын баса белгилеп айтып, ырдап чыкканы себеп болду. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда ырды активдүү бөлүшүп, жылуу пикирин жазып жаткан учуру. Избасканова буга чейин Чубак Сатаевдин чыгармаларын да аткарып чыккан.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter