У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абад облусунун башчысы Мирзахмедов: «Гумжардам алгандар тилемчилер»

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов гумжардам алгандарды «тилемчилер» деген оюн айтты.

Облус башчысы өз сөзүндө: «Гумжардам алган инсан, динге да туура келбейт. Бул мындайча айтканда тилемчиликке туура келип калат»,  - балп этти.

Мындай кыргызда «жаман жайын айтам деп, баарын айтат» деп коёт. Динде колунда жокторго кайрылыш, жардам бер делет. Бул жетекчи сөрөй динди ала чуркагандан мурда, динде кембагалдарга жардам берип, кол сунуу керектигин жакшы билип, анан сүйлөсө болмок экен.

Жардамга муктаж элди тилемчилер деп кемсинткенге кандай акысы бар? Президент бул көпкөн немеге тез арада чара көрүш керек. Ансыз да карантиндин айынан үйлөрүнө камалып, каражаттан каржалып жардамга муктаж болуп тургандардын ого бетер басынтып, шылдыӊ кылганы Кудайга да жакпаса керек.

Бирок бул маалымат чыккандан кийин, социалдык тармактарда тараган тасма кыскартылганын айтышып, толук вариантын жарыялагандар болду. Анда облус жетекчиси "колунда туруп гумжардам алгандарды тилемчилер" деп айтканы берилет. Ошентсе да, баары бир элди тилемчи деп атаганы туура эмес...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter