У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Комузчу Чолпон Мелисбекованын жолдошу кайын энесинин бетине майонез шыбады


Кыргыздын чолпондой жаркыраган кыздарынын бири, атына заты жарашкан таланттуу комузчу Чолпон Мелисбекова жолдошу экөө карантин башталгандан тарта бири-бирин тамашалаган видеолорун коомчулукка жарыялашууда. Көпчүлүк учурда жолдошу Чолпондун бетине бир туруп жуулбай турган боёкторду сүйкөп, бир туруп жумуртка менен башка чаап, айтор Чолпондун күйөрмандарынын жүрөгүн оорутуп жаткан. Алардын видеосун белгилүү блогерлер бөлүшүп, "Жер тамдыктар" деген ат менен эл аралоодо. Түгөйлөр да дал ушундай аталышта баракча ачып, тамашаларын жайгаштырышууда.

Бирок кечээ комузчунун жолдошу кайын энесин (Чолпондун апасын) туулган күнү менен куттуктап, бейкапар үй жынап жаткан жеринен бетине майонез сүйкөп жатканы элди кыжырлантып жатат. Чолпондун күйөрмандары катуу капа болуп, жолдошун тилдешүүдө. Чынында күйөө бала менен кайын эненин ортосунда сый-урмат жогору болуп келген кыргыздын тарыхында минтип кайын энесин баса калып бетине көө шыбаган көрүнүш мурда-кийин катталган эмес. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter