У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талап: “Журналисттердин маалымат алуу укугу чектелбесин!”

Кыргызстандын медиакоомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылып, өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарын ишмердүүлүгүнө уруксаат берүүнү жөнгө салуу жолун сунуш кылышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиевге жолдонгон кайрылууда бүгүнкү күндө республикалык штаб жөнөткөн жана брифингдерде айтылган маалыматтын көбү жараксыз болуп, журналисттердин суроолору жоопсуз калып жатканы айтылат.

Республиканын каалаган аймагына барып, тоскоолдуксуз иштөө укугуна мамлекеттик каналдар ээ экени, бирок алар коомчулукту кызыктырган курч суроолорду бербегендиктен, элдин маалымат алуу укугу чектелип жатканы да белгиленди. Конституцияда жана мыйзамдарда өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тыюу салуу же чектөө чаралары каралган эместиги айтылган.

Кырдаалдан чыгууда убактылуу жабылбай турган ишмердүүлүк тизмесине ЖМКны киргизген Казакстандын тажрыйбасы сунуш кылынды. Башкача айтканда, басылманын башкы редактору кол койгон кызматтык күбөлүк жана тапшырма кагазы болсо ЖМК өкүлдөрү чектөөсүз иштей алат» деп айтылат. 

Ошону менен катар кыргызстандык медиакоомчулук өкүлдөрү өз кайрылуусунда «21-кылымда ар бир адамдын колунда телефон жана интернет бар болгондуктан ал маалыматтын, анын ичинде так эмес жана жалган кабардын таратуучу боло алат. Ошондуктан, ушак-айың, фейк маалыматтардын таркашына бөгөт коюу үчүн комендатура ЖМКга маалымат чогултуу укугун бериши керек» деп жазылды.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.


Пикир калтыруу
  • Wqldjs
  • 26-11-2022, 09:55
  • : 09:55
    • Нравится
    • 0
levaquin 250mg over the counter buy levaquin 500mg pill
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter